КУРБАН
Курмандык бул – Аллахтын буйругу!
Себеби Аллах Таала Пайгамбарыбызга (с.а.в) буйрук кылып айткан: 'Эй, Мухаммад! Роббиң үчүн намаз оку жана жандык сой!'.
Себеби Аллах Таала Пайгамбарыбызга (с.а.в) буйрук кылып айткан: 'Эй, Мухаммад! Роббиң үчүн намаз оку жана жандык сой!'.
“Алтын Уя” Коомдук Фонду ыктыярдуу мүлктүк салымдардын жардамы менен уюшулуп, 2020-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет. Фонд социалдык, кайрымдуулук, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу калктын аярлуу катмарына, жетим балдарга, муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтөт. Фонд тууралуу www.altynuya.org сайтынан толук маалымат алсаңыз болот.
Qurban.org сайты – бул “Алтын Уя” Коомдук Фонду аркылуу курмандык чалдырууну каалаган ак көңүл байке-эжелер үчүн түзүлгөн аянтча. Максаты – Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин курмандык чалуу амалын жеңилдетүү, аларга так, тез жана ачык-айкын кызмат көрсөтүү.
www.qurban.org сайты аркылуу сиз өз убактыңызды коротпостон, тез арада курман чалдыра аласыз. Себеби бизде мал-жандык, мал союлчу жай, касапчылар жана курмандык этин муктаждарга тарата турчу, сообун сизге багыштай турчу кызматкерлер бар